Москва шаарында теракт даярдоого шектелип кармалган кыргызстандык жаран күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу «ТВ Центр» телеканалы билдирди.
Басылмалардын маалыматы боюнча, 1989-жылы туулган Талант Москвага ушул жылдын сентябрь айында келген. Ал борбордогу жер астындагы темир жолдо жардыруу жасоого даярданып жаткан.
Буга чейин Талант Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 205-берене (террористтик акт жасоо далалаты) боюнча шектүү катары кармалганы маалымдалган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2019-жылы сентябрь айында Кыргызстанда төрөлгөн жаран Москвага жардыруу уюштуруу үчүн келген. Ал бир ай бою шерик издеп, ар кандай адабияттарды окуп, видеороликтерди көрүп, теракт жасоого жер издеген.
«Тергөөчүлөрдүн жана полиция кызматкерлеринин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында аталган жарандын иш-аракетине бөгөт коюлду. Сурактын жрүшүндө шектүү күнөөсүн мойнуна алды.