Бишкек.28.07.2019.Govori.TV.
27-июлда Москвада шаардык кеңешке талапкер болгон оппозиционерлерди колдогон акция өттү. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ага 3,5 миңдей киши катышты. “ОВД-Инфо” укук коргоо порталынын болжолунда катышуучулардын саны мындан кыйла көп болгон. Нааразылык акциясына чыккандар мэриянын алдына чогулууну пландаган. Бирок полиция, ОМОН жана Росгвардия ал жакка барчу жолдун баарын тосуп, чогулгандарды сүрүп чыгарууга аракет кыла баштаган.
“ОВД-Инфо” түнкү саат 23:30га карата миңден ашуун киши кармалганын жазды. ИИМ алардын саны 1074 экенин билдирүүдө. Кармалгандардын арасында өспүрүм курактагылар да бар.
«Bazа» басылмасы полиция тарабынан 77 киши сабалганын жазды, бирок булакты көрсөткөн эмес. Кармалгандар акцияга катышуу эрежелерин бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылып, 20 миң рубль айып пул төлөп же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартылышы мүмкүн.
Шаардык кеңешке катталбай калган айрым талапкерлер түнү дагы полиция бөлүмдөрүндө калышты. Алардын арасында Константин Янкаускас жана Александр Соловьев да бар.
25-июлда Москванын Симонов соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Ага коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин бузган деген айып коюлду.
Ал 27-июлда Москва шаардык мэриясынын алдында шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп, мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштоону сунуштап жаткан.