• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Москвада, өз мекендештерин сүзүп кеткен кырсык бир тууган карындашын коргоо үчүн болгон

10 Аяк оона 2018 12:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.09.2018. Govori.TV

Москвада, өз мекендештерин сүзүп кеткен кыргызстандык жарандын бир тууган карындашы окуянын чоо-жайын айтып берди.

«Анын айтымында ,ал күнү Москванын Новочеркасский бульварындагы кафеде шектелүүчү Бекжан Сарбишев, бир тууган карындашынын туулган күнүн белгилеп жатышкан. Ал кезде башка балдар алардын тынчын ала баштап,  агасы коргоого аракет кылып, чатак чыгып кеткен. Балдар аны уруп-сабагандан кийин ал ачуусу менен барып унаага отурган. Рулду башкара албагандыктан унаанын тормозун тепкендин ордуна газды басып алган».

Москванын Новачеркасский бульварында,  9-сентябрда“СОЛО” кафесинин жанында кырсык болуп, анда Кыргызстандык 21 жаштагы Бекжан Сарбишев, аттуу  жаран шектүү катары кармалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү атайлап сүзүп кеткени айтылат. Ага кафедеги мекендештери менен өз ара пикир келишпестик, андан чыккан чатак себеп болгон.

Эске салсак, 9-сентябрда Москвада кыргызстандык айдоочу «Volkswagen Polo» унаасы менен Новочеркаский бульварындагы өз мекендештерин тебелеп кетип, анда тогуз киши жабыркап, бир киши каза болгон.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги бул окуяны иликтей баштаганын кабарлады.

Кылмышка шектүү Ош облусундагы, Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүндөгү Токтогул айылында туулган. Кийин ал, Орусияда эмгектенип жүрүп,  Орусиянын жарандыгын алган.

 

 

 

Количество просмотров: 29