• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Москвада жол кырсыгына кабылгандардын жакындары табылбай жатат

19 Теке 201810:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.07.2018. Govori.TV
Москвадан  жол кырсыгына кабылган эки жарандын туугандары табылбай жатат. Бул тууралуу кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы билдирди
Кырсыкка кабылган 3 жарандын биринин сөөгү туугандарына берилди. Ал эми эки жарандын туугандары табылбай жатат.
«Жол кырсыгынан 1992-жылы туулган Б.улуу.М., 1989-жылы туулган К.З. жана 1997-жылы туулган Т.уулу.А. каза болгон. Булардын экөө Орусиянын жараны болгон. Каза болгондордун сөөгүн мекенине алып кетүүгө документтердин бардыгы даярдалды.Эки кыргызстандык балдардын туугандары азырынча табылбай жатат. Экөө тең оштук жигиттер экен.«, — дейт басма сөз катчы.
Эске сала кетсек, кече 18-июлда Орусиянын Москва шаарындагы Ташкент көчөсүндө жол кырсыгы катталып, 3 Кыргыз жараны каза болгондугу кабарланган.
Количество просмотров: 17