• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Москвадагы аба майданда кыргызстандыктар кармалып турганы кабарланууда

7 Тогуздун айы 2021 12:06 Бишкек Govori.TV

Москвадагы Шереметьево аба майданында бүгүн, 7-октябрдын таңында учуп барган Кыргызстандын болжол менен 300дөй жараны кармалып турганы тууралуу маалыматтар социалдык медиада таркап жатат.

Алардын эмне себептен кармалып жатканын билүү үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен аэропортко юристтер барганын кабарлашты.

Буга чейин социалдык медиада бала-чакасы менен учуп барган кыргызстандыктардын ID карталары чогултулуп алып, ар бири бирден өткөрүлүп, Орусияга келген максатын сурап жатышканы тууралуу маалыматтар тараган.

Элчиликтин басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна бул окуя боюнча юристтер аэропорттон кайтканда дагы толук маалымат берилерин маалымды.

Количество просмотров: 314