• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвадагы хостелде чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

29 Теке 2022 16:01 Бишкек Govori.TV

Алдын ала маалымат боюнча, Москвадагы хостелде чыккан өрттөн жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери барган.

Белгиленгендей, учурда Орусиянын укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын жана өрттүн келип чыгуу себептерин, ошондой эле өрттөн каза болгондордун өздүгүн жана жарандыгын тактап жатышат.

28-июлдан жыйырма тогузуна оогон түнү Москва шаарынын Алматы көчөсүндөгү хостелде чыккан өрттөн 8 адам каза тапканы маалымадалган.

Теги:
Количество просмотров: 117