Москва шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда болгон массалык мушташтын катышуучуларына депортациялоо жазасы колдонулат. Ошондой эле аларга айып салына турганын Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул жаңжалдан кийин полициянын аймактык бөлүмүнө жалпы 103 адам жеткирилген болчу.
«Кузьминка» станциясынын жанында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыккан. Мушташка болжол менен 150дөй адам катышкан.