Кара-Балтада болгон массалык мушташ учурунда мергенчилик мылтыгынан ок чыгарган өспүрүм аныкталып, ал Алексеевка айылынын 18 жаштагы тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, өспүрүм убактылуу кармоо жайына киргизилди. Милиция кызматкерлери мушташтын катышуучуларын кармап, ички иштер бөлүмүнө жеткиришти. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «курал колдонуу менен жасалган бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду.
Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Балтада массалык мушташ болуп, анда бир өспүрүм октон жаракат алганы кабарланган.
«25-октябрында болжол менен саат 01:00дөр чамасында Кара-Балта шаарынын «Сосновский бурулушу» деп аталган жерде 2005-2007-жылы туулган өспүрүмдөр ортосунда жаңжал чыгып, массалык мушташка катышкандардын бири тарапка мергенчилик мылтыгы менен ок чыгарган, жарадар болгон жаран М.Ч. 2008-жылы туулган өспүрүм тизесине жаракат алган, ал Жайыл районунун травматология бөлүмүнө жеткирилген», — деп жазылат маалыматта.
Тергөө уланууда.