• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Москвадагы мушташта төрт кыргыз жараны бычак жеген

14 Теке 2021 16:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвадагы мигранттардын калайман урушу тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, бильярд клубдардын биринде белгисиз бирөөлөр Кыргызстандын төрт жаранын бычактап кеткен.

«Алардын «Тез жардам» кызматы алып кетип жатканда тартылган сүрөттөрү социалдык тармактар аркылуу тарап кеткен жана айрым кыргызстандыктар буга байланыштуу мекендештерин «Кузьминки» метросунун жанына чогулууга чакырышкан. Анда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда калайман уруш чыгып, ага 180дей адам катышкан. Полиция тополоңго катышкан 103 мигрантты кармап кеткен жана алардын 72си кыргыз жарандары»,-деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин кызматкерлери камалгандардан кабар алып, аларга юридикалык жана башка жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Количество просмотров: 251