«Манас» аэропортуна кеткен жолдо мотоциклчен киши жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 19-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында болгон. Анда 1992-жылы туулган мотоциклдин айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 50 жаштардагы жаранды сүзгөн. Жабырлануучу оор жаракаттын кесепетинен көз жумган.
Мындан улам аталган жолдун боюндагы Учкун-2 айылынын тургундары жолду жаап, кырсыктарга нааразычылыктарын билдиришкен. Саат 23:00 чамасында жол ачылган.
«Айдоочу Сокулук РИИБине жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.
Экспертизалар дайындалып, тергөө уланып жатат.