• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Муфтий Максатбек Токтомушев иш сапары менен Таласка барды

28 Бештин айы 2020 10:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев расмий иш сапары менен Талас облусуна барды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Токтомушев алгач өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Канимет Осмоналиев менен жолугуп, аймактагы диний абалды талкуулашты. Эки тараптуу жолугушууда муфтий дин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштеп, облуста болуп жаткан маселелер биргеликте чечилиши керектигин билдирди.

Андан соң, муфтий Максатбек ажы Токтомушев Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде облустун жалпы имамдары менен жолугушту.

«Имам дайыма эле үлгү болушу керек. Ошондуктан имам коомчулук менен тыгыз иштеп, алардын суроолоруна өз учурунда жооп берүүсү милдеттүү. Муну менен катар дин кызматкерлери элдин ар кандай терс диний агымдарга кирип кетпеши үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруусу зарыл»,-деди ал.

Жолугушуунун соңунда Талас облусундагы бар катар дин кызматкерлери ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.

Количество просмотров: 63