• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Муфтий ыктыярчы Адинай Мырзабекованын ата-энесине акчалай жардам көрсөттү

20 Теке 202015:32 Бишкек Govori.TV

19-июлда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушев Бишкекте каза болгон ыктыярчы студент кыз Адинай Мырзабекованын үйүнө барып куран түшүрүп, ата-энесине көңүл айтты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.

Муфтий ыктыярчы стунденттин жакындарына кайрат айтып, Адинай Мырзабекованын элине кылган кызматын баатырдык деп атады.

“Адинай карындашымдын мекен үчүн кылган кызматы — бул анын баатырдыгы. Азыр ак халатчан дарыгерлер, ыктыярчылар адам өмүрү менен күрөшүп, өздөрүнүн ден соолугуна карабастан күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Бул чоң эрдик жана баатырдык”, — деди.

Токтомушев жакын санаалаштарынын атынан Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом жардам көрсөттү.

15-июлда президенттин жарлыгы менен Мырзабековага “Эрдик” медалы ыйгарылган. Медакадемиянын 5-курсунун студенти, 22 жаштагы Мырзабекова Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы катары иштеп жүрүп каза болгон. Саламаттык сактоо министрлиги баштапкы маалыматка таянып, ыктыярчы кыздын өлүмүнө пневмония себеп болгонун жарыялаган.

Количество просмотров: 167