• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Муфтият: Бир жылда 15 миңден ашык нике кыйылды

15 Үчтүн айы 2021 14:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын бирдиктүү шарияттык нике каттоо журналына 2020-жылы 15 119 үй-бүлө катталды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, журналга каттоодо имамдар нике кыйыла турган түгөйлөрдүн паспортун талап кылышы керек. Документке ылайык, 18 жашка толгон жарандарга гана шарияттын негизинде нике кыйылат.

Нике каттоо журналы төмөнкү максатты көздөйт:

• Мусулмандардын шарияттык никеге туруусун каттоого алуу жана өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөө;

•  Үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу жана нике, талак, нафака маселелерин кеңири түшүндүрүү аркылуу ажырашуулардын  алдын алуу;

•  Өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюуну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүү;

•  Күйөө никедеги милдеттерин аткарбаган учурда аялдардын шарияттык, мүлктүк, мурастык укуктарын сакталуусун камсыздоо;

• Жубайлар ортосунда сүйүү, мээрим жана байыр алууну, келечек урпакты көбөйтүү, абийирди, намысты сактоо.

Эскерте кетсек, нике каттоо журналы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин 2016-жылдын 21-ноябрындагы буйругунун негизинде иштелип чыгып, 2019-жылдын 12-июнунда ишке берилген.

Количество просмотров: 67