Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Орозо айындагы битир-садака берүүнүн өлчөмүн аныктады. Бул тууралуу муфтияттын расмий сайтында маалымдалат.
Муфтият өлкөдө азык-түлүктүн бааларынын туруксуздугуна байланыштуу, битир-садаканы берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууну өтүнөт.
Белгилей кетсек, битир-садака бере турган адам белгиленген бааларды ыктыярдуу тандайт. Кыргызстанда быйыл 13-апрелден тарта орозо кармалат.