• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Муфтият уятынан башын көтөрө албай калдыбы?

13 Бугу 2019 15:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.

Муфтияттын дипломатиялык сабатсыздыгы эки элдин достугуна залалын тийгизип койо жаздады. Түркиянын Кыргызстандагы элчисине байланыштуу жагдайга Муфтият түшүндүрмөнү так бере алган жок.

Мекеменин басма сөз катчысы Максат Атабаев элчинин ооз ачардан нааразы болуп, кеткенин тактаганы менен себебин такыр түшүндүрбөдү.  Социалдык желелерде тараган маалыматтарга таянсак, элчи  мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарган Орхан Инанды менен чогуу ооз ачарга чакырганы үчүн муфтий Максатбек Токтомушев баш кылып «же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар»,- деп, ресторандан кетип калган.

Ал эми, муфтият Govori.TV агенттигинин эфирге  чакыруусун четке кагып, эфирге келе жаткан адамды токтотуп маектешүүгө тыюу салды. Муфтияттын мындай кадамынын артында эмне жатат? Же айтарга сөздөрү жокбу? Же коркконго кош көрүнөт болуп жатабы деген да ой келет.

Количество просмотров: 9