Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) “жамандоого кабылгандыктан” өлкөдөн чыгып кетүүгө ниеттенип жатканын айткан кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин окуясына эч кандай тиешеси жок.
“Муфтият бирөөнү коркутуу менен алектенбейт, өзүнө жүктөлгөн уставдык миссиясын аткарат. Түшүндүрүү, агартуу, элибизге динибиздин баалуулуктарын жеткирүү менен алектенет”, — деп билдиришти мекемеден.
Физиев мындан ары таймаштарга Кыргызстандын атынан катышпай турганын жана үй-бүлөсү менен өлкөдөн көчүп кетүүнү пландап жатканын 13-октябрда “Инстаграм” баракчасы аркылуу билдирген. Мындай чечимин ал Кыргызстандын муфтиятынын жана интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кысымы менен түшүндүргөн.
Буга чейин Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максатбек Токтомушевдин спортчунун диний темада жазганын сындаган. Ал Физиев Ирактагы Кербела шаарын Мекке жана Медина шаарларынан кийинки эле ыйык шаар деп атаганы жана буга шариат кандай карай турганы жөнүндөгү суроого жооп берип жатып спортту ишеним менен аралаштырбоого чакырган.