• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Муфтияттын Орусиядагы өкүлү болуп, Сүйүнбек ажы Жусубалиев дайындалды

19 Баш оона 2019 10:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.08.2019.Govori.TV.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын Россия Федерациясындагы өкүлү болуп Сүйүнбек ажы Жусубалиев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

“Сүйүнбек ажы Жусубалиев эки элдин ынтымагын бекемдөө жана ал жакта эмгектенген кыргызстандык мекендештерибизге динди туура жеткирүү боюнча бир катар иштерди алып барат”,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 25-августта жана 29-августа Сүйүнбек ажа Жусубалиев Россиянын Иркутск, Якутск шаарында эмгектенген кыргызстандык мекендештер менен жолугушууларды өткөрөт.

Количество просмотров: 14