• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Мугалим менен окуучунун чыры». Милиция мектептеги окуянын чоо-жайын айтты

26 Бугу 2022 11:44 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын Ж.Бөкөнбаев №1 атындагы мектебинин информатика сабагынан берген мугалими 7-класстын окуучусун сабаган.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-майда социалдык тармактарда мугалим жашы болжол менен 15-16 жаштагы окуучу кызды колу менен бети-башына бир нече жолу уруп жиберген видео тараган.

Аталган факты текшерүүнү талап кылгандыктан Сузак РИИБнин маалымат электрондук журналына катталып, алдын-ала текшерүү жүргүзүлгөн.

Териштирүүдө окуя 2022-жылдын 23-майында Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгондугу, аталган окуу жайдын 7-классынын окуучусу 2008-жылы туулган Д.Х. информатика сабагынын мугалими Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган.

Окуя боюнча мугалим Э.М. суралган учурда ал 23-майда саат 12:00дө сабак учурунда 7-классынын окуучусу Д.Х. менен өзүнүн кызы аталган 7-классынын окуучусу 2009-жылы туулган К.А. өз ара сөз талашып, айтышып кетишкен учурда, аларга сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткендигин, окуучу Д.Х, ага орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып аны бети-баш жактарына чапкылап, тарбиялык мааниде уруп жибергендигин билдирген.

“Белгилеп кетүүчү жагдай, айрым социалдык баракчаларда бул видеонун толук варианты берилбей, мугалимдин окуучуну уруп жаткан жери эле кыркылып көрсөтүлүп калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө толук видеосу алынып, анда мугалим окуучуга кол көтөргөнгө чейин, окуучу мугалимге акараат кылып, аны менен кайым айтышып кол көтөрүүгө себеп болгондугу такталган”, — деп белгилешти милициядан.

Аталган факты боюнча толук жана обьективдүү текшерүү максатында Д.Х. денесинен алган жаракаттардын оордук даражасын аныктоо боюнча атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошондой эле азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча мектептеги мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 4497