• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мугалимдер 8-апрелге чейин үй шартында иштөөгө жиберилди

20 Жалган куран 202012:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлер үчүнчү чейректи жыйынтыктап, тиешелүү болгон отчеттук иштерин аяктап, жетекчилер мектеп имараттарында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу максатында жалпы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдер үй шартында дистанттык түрдө окутууларын өткөрүү үчүн 8-апрелге каранинге жөнтүлдү.

Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши 8-апрелге чейин токтотулгандыгына байланыштуу бала бакчалардын тарбиячылары да аталган мөөнөткө чейин үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Билим берүү мекемелеринде ЖРТга каттоодон өткөрүү үчүн 11-класстардын класс жетекчилери нөөмөт түзүшөт.

Количество просмотров: 342