• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мухаммедкалый Абылгазиев президентинин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды

16 Жалган куран 2018 13:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.03.2018. Govori.TV.
Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык  Мухаммедкалый  Дүйшекеевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды.
Өмүр баяны
1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган.
1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.
Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ:
1994-1995-жж.  — «Кыргызстан» финансылык-агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;
1995-1997-жж.  —  «Ажар» ЖЧКнын аткаруучу директору;
1997-1998 –жж. —  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча  мамлекеттик фонддун эксперти;
1998-1999 –жж.- Биринчи май райондук калкты ишке  жайгаштыруу башкармалыгынын  начальниги;
1999-2003-жж.  —  Бишкек  шаардык калкты ишке  жайгаштыруу департаментинин директору;
2003-2009-жж. —  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун начальниги, Аппарат жетекчиси, Башкармалыгынын мүчөсү;
2009-2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
2010-2016 жж.-  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
2016-2017 жж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри;
08.2017-09.2017-ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
2017-жылдын 12-сентябрынан — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары.
2018-жылдын 16-мартынан — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси.
Количество просмотров: 25