• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Өкмөттүн аракети аймактарды өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүүнү камсыз кылууга багытталууда»

15 Жетинин айы 2018 14:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.11.2018.Govori.TV

  Мухаммедкалый Абылгазиев:
«Өкмөттүн аракети аймактарды өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүүнү камсыз кылууга багытталууда» 15-11-2018 12:15 2017-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 520 млрд 900 млн сомду түздү. Ал эми экономиканын өсүшү 3,5 пайыз деӊгээлинде болжолдонсо, анын иш жүзүндө өсүшү 4,6 пайыз деӊгээлинде болду.
Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
«2018-жылдын жаӊыртылган бюджетинин долбооруна ылайык, өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 558 млрд 400 млн сомду түзсө, экономиканын өсүшү 2,8 пайыз деӊгээлинде болжолдонууда.
Ал эми бюджеттин киреше бөлүгү 142 млрд сом көлөмүндө каралды, бул бекитилген көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 млрд 100 млн сомго көптүк кылат. Ошондой эле, салыктык кирешелерди каржылык башкарууну жакшыртуу аркылуу 2 млрд 700 млн сомго көбөйтүү болжолдонууда. Ошентип, Өкмөттүн баардык аракети аймактарды өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүүнүн туруктуулугун камсыз кылууга багытталып жатат», — деди ал. Андан тышкары, 2019-жылы өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 4 пайыздын тегерегинде боло турганы белгилүү болду. Республикалык бюджеттин 60 пайызы социалдык багытта жумшалмакчы.
Количество просмотров: 12