МУКК: Коррупция менен күрөшүүдөн 9,54 млн сом мамлекетке кайтарылды
МУКК: Коррупция менен күрөшүүдөн 9,54 млн сом мамлекетке кайтарылды
7 Баш оона 201815:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.08.2018. Govori.TV.
Коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү которулду. Бул тууралуу мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы билдирет.
«7-августунда МУКК тарабынан Өкмөттүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 9,54 млн сом өлчөмүндөгү акча каражаттар которулган»,- деп айтылат маалыматта.
МУКК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсеп ачылганынан бери 139, 454 млн сомду түздү.