• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

23 Жетинин айы 2021 11:47 Бишкек Govori.TV

Кувейт кайрымдуулук фонду Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, район башчысы Жамалбек Ырсалиев да 150 муктаж үй-бүлөгө катуу отун (ар бирине 10 каптан көмүр) таратууга катышты.

Белгилей кетсек, тараптардын эки тараптуу кызматташуусунун алкагында муктаж болгон үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыздоо боюнча планы ишке ашырылган.

Количество просмотров: 751