• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мумбайда жаратылыш кырсыгынан 31 адам көз жумду

19 Теке 202117:49 Бишкек Govori.TV

Индиянын Мумбай шаарында жекшемби күнү нөшөрлөгөн жаандан улам болгон жер көчкүдөн кеминде 31 адам көз жумду.

Мумбай Чембур жергесинде 21, Вихроли аймагында дагы 10 адам каза тапты. Издөө, куткаруу иштери түнү менен жүрүүдө.

Мумбай аэропортунда бир күндө 250 миллиметрди түзгөн жаан жааган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчкү жүрүп, үй, унааларга, бүтүндөй районго зыян келтирген.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 386