• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мунарбек Олимпиада медалга ээ болгон алгачкы Кыргызстандык мушкер болот

4 Баш оона 20241:03 Бишкек Govori.TV

Мунарбек Сейитбек уулунун жарым финалга чыкканы XXXIII Олимпиада оюндарында алтын үчүн күрөшүн улантаарын билдирет. Жарым финалга чыгуу үчүн беттеште мушкерибиз 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, 2022-жылкы Панамерикалык чемпионаттын күмүш байге ээси, 2023-жылкы Панамерикалык оюндардын жеңүүчүсү америкалык Жамал Харвини жеңди.

Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон алгачкы Кыргызстандык мушкер болду. Жарым финалга чыгуу мушкерлерге жок дегенде коло медаль алып келет. Финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргызстандыктын таандашы Болгариянын желеги астында ат салышкан дагы бир кубалык Хавьер Диас болмокчу.

Эскерте кетсек, ачылыш беттешинде кыргызстандык 2023-жылкы Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси кубалык Орта Сейдельди жеңген. Кыргызстандыктын катышуусунда жарым финалдык беттеш 8-августта Париж убактысы боюнча 21.30да болот.

Количество просмотров: 123