• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мунарбекке мамлекет белек кылган унаасын алып кетпей элдин баарын таң калтырды

14 Баш оона 20240:06 Бишкек Govori.TV

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун мамлекет белек кылган унаасы аянтта турганын көргөндөр видеого тартып, социалдык тармакка чыгарды.

«Мунарбек жөнөкөй эле эмес, камсанабаган да жигит экен. Башка спортчулардын баары унааларын алып кетсе, Мунарбектики аянтта турат» деп видеого тарткан жигит сүйлөгөн. Кыскасы, элдин баары Мунарбектин токтоолугуна, сабырдуулугуна, жөнөкөйлүгүнө суктанып бүтпөй жаткан кез.

Комментарий жазгандардын бири «ток жигит тура» десе, экинчиси «дүйнөгө кызыкпайт экен» деп жазышууда. Айрымдар болсо, «Мунарбек намазга шашып, машинесин таштап кетсе керек» деген божомолдорун жазып жатыгат.

Количество просмотров: 749