Бүгүн, 25-апрелдеги Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынында, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан, «Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат» берилди.
Калкты таза суу менен камсыз кылууда мүчүлүштүктөр болууда. Мындай жагдай айрыкча айыл жергесинде болуп жатканы айтылды.
Депутат Мурадил Сыдыков суу чыгарууда сапатсыз шаймандардын колдонулуп жатканын сынга алды.
Анын айтымында тиешелүү тарап, маалымат берүүдө өздөрүнүн сапатсыз иш жасаганын жашырып, суунун басымы жогорулаган учурда суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдө маселе жаралат деген жүйөөсүн сындады.
Ал эми Улугбек Ормонов Өзгөн районунда 60миң калк үчүн 10 миң кишиге ылайыкталган канализация курулуп жатканын сындады.
Мындан сырткары Өзгөн районундагы башка айылдарда иштердин кечигип жатканына токтолду.
Депутаттын айтымында ал айылдарга суу чыгаруу үчүн каражат 2016-жылы эле бөлүнгөн. Бирок, азыркыга чейин жыйынтык жок.