• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мурда соттолгон адам дагы бирөөнү атып салган

13 Аяк оона 202413:38 Бишкек Govori.TV

12-сентябрь күнү болжол менен саат 16:55 чамасында Ала-Бука РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Жапа-Салды айылынын ортосунда белгисиз жарандар унаанын артынан кууп келишип, ок чыгаргандыгы тууралуу маалымат жеткен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Териштирүү иштеринин алкагында, Ала-Бука РИИБнин жетекчилиги окуя болгон жерге барганда болжол менен 25-30 жаштардагы адамдар өз ара уруша кетип, арасынан бирөө трамватикалык курал менен ок чыгаргандыгы аныкталган. Кароо учурунда 1 даана гилза алынган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган окуяга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 30 жаштагы К.Н. аттуу тургуну кармалып, тергөөгө жеткирилген. Буга чейин ал Россияда каракчылык фактысы менен соттолгон.

Ошондой эле 25 жаштагы А.Э. аттуу жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилди. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүүлүүдө.

Количество просмотров: 304