• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Мурдагы аким вице-мэр болду

15 Жалган куран 202311:14 Бишкек Govori.TV

Борбор калаанын мэринин орун басары болуп Осмонов Мурат Мукашбекович дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Борбор интеллектуалдык маалыматтар» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Дайындоо «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин «Муниципалдык кадрлар резервине кирүү жөнүндө» буйругуна ылайык дайындалды.

Мурат Осмонов буга чейин Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болгон.

Количество просмотров: 69