Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев эс алууга кеткенден кийин жаңы долбоорлорду ишке киргизет
Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев эс алууга кеткенден кийин жаңы долбоорлорду ишке киргизет
7 Аяк оона 201818:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.09.2018. Govori.TV
Кыргызстандын экс-омбудсмени, Кубат Оторбаев саясий кызматтан кетти, эми ал жеке өзүнүн долбоорлорун ишке ашырат. Бул тууралуу Vesti.kg. сайты жазып чыкты.
Кубат Табалдиевич өзү айткандай, ал бул кызматтан кетип жатып башка мамлекеттик кызматты көздөгөн жок.
“Мен кызматтан кетип жатып айткан болчумун, адамдын өмүрүндө башка бир тармакка кетип, ошол жактан мамлекетке көбүрөөк пайда алып келе турган учур келет деп. Бул деген сөзсүз эле мамлекеттик кызматка баруу дегендик эмес. Бүгүнкү күндө менин жеке долбоорлорум бар, ошолорду ишке киргизем. Бирок алар тууралуу кеп кылууга али эрте”, — деди Оторбаев.
Эске сала кетсек, акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өзүнүн кызматтан кетээри тууралуу кайрылуу жасаган.
Азыркы учурда өлкөнүн негизги укук коргоочусунун орду бош турат.
Депутат Адахан Мадумаров Конституциялык соттун Башмыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мазмуну, пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка …