• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мурдагы башкы прокурор Салянова жүрөгүнөн операция болду

28 Баш оона 2021 16:54 Бишкек Govori.TV

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жүрөгүнөн операция болду. Маалыматты Govori.TVга анын жакындары тастыктады.

Маалыматка ылайык, Саляновага Казакстандык профессор Сейтхан Жошыбаевдин клиникаласында операция жасалып, жүрөгүнүн клапандары алмаштырылган. Учурда абалы жакшы.

Белгилей кетсек, Аида Салянова 2010-жылы юстиция министри, 2011-2015-жылы башкы прокурор болуп иштеген. 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болгон. Аида Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып менен соттолгон. Быйыл март айында Жогорку сот жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарган.

Количество просмотров: 1957