• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Салянова Кыргызстандагы шахматтын келечеги тууралуу кеп козгоп, көйгөйлөрдү атады

14 Баш оона 2023 11:56 Бишкек Govori.TV

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстандагы шахматтын келечеги тууралуу кеп козгоп, андагы көйгөйлөргө токтолду.

Анын айтымында, бул тармакка мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо болбой жатат.

«Республиканын курама командасына кирген мыкты шахматчыларды материалдык жактан колдоону камсыз кылуу зарыл. Бул шахматчыларды шыктандырып, алардын жоопкерчилигин арттырып, чеберчилигинин өсүшүнө стимул берет»,-деп жазды ал.

Кошумчалай кетсек, Салянованын кичүү кызы кызы Алика Бактыбек кызы 5-17 жаштагы мектеп окуучулары арасында өткөн шахмат боюнча КРнын чемпионатында бир нече жолу баш байгеге ээ болгон.

Количество просмотров: 124