• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Теңгиз Бөлтүрүккө операция жасалды

21 Жетинин айы 2022 16:56 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүккө операция жасалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.

Маалыматта айтылгандай, бир күн мурун Теңиз Бөлтүрүк Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылып, операция жасалган.

Белгилей кетсек, Бишкектин Октябрь райондук соту Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырган. Бөлтүрүктүн жактоочусу бул чечимге каршы шаардык сотко арызданып, бүгүн, 21-ноябрда анын баш коргоо чарасы каралмак.

Бишкек шаардык соту айыпталуучунун ооруп калганына байланыштуу сот отуруму жылдырылып, ал сотко алынып келинбегенин тастыктады. Отурум 25-ноябрь саат 09:30га жылдырылды.

Количество просмотров: 7195