• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев камактан бошотулду

15 Жалган куран 202411:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев камактан бошотулду. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү сотко атайын кызматтын тергөөчүсү берген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев 2023-жылдын 15-ноябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынган.

Экс-депутат Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айыпталууда. Бакчиев «Бир бол» фракциясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаты болгон.

Количество просмотров: 108