Талас облусунун милициясы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенжебек Бокоевди кармады.
Талас ОИИБдин маалыматына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголду. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2025-жылдын 9-июнунда Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты Б.К.С. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.