Мурдагы экономика министри Артём Новиков премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Новиков 2004-2006-жылдары «Вест Ала-Тоо» ЖЧКсында бухгалтер болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.
2011-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси;
2017-жылы президенттик аппараттын финансы-экономикалык анализи жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы;
2017-2018-жылы экономика
министри.