Мурдагы экономика министри, белгилүү ишкер Эмил Үмөталиев Аскер прокуратурасына чакыртылды. Бул маалыматты ал «Азаттык» радиосуна тастыктап, суракка 2-октябрга саат 17:00гө чакыруу келгенин айтты.
Эмне себептен чакырып жатышканы белгисиз, түшүнүксүз. Суракка барам. Адвокатымды кошо ала барам, — деди Үмөталиев.
Чакыруу Аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсүнүн атынан келген.
Эмил Үмөталиев 2010-2011-жылдары Экономикалык жөнгө салуу министрлигин жетектеген. Ал «Kyrgyz Concept» компаниясынын негиздөөчүсү.