• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мурдагы мэр алдамчылыкка шектелип кармалды

13 Тогуздун айы 2023 11:45 Бишкек Govori.TV

Мурдагы мэр алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМ тараткан маалыматта айтылат.

Маалымдалгандай, ИИМдин кызматкерлери алдамчылыкка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүштү. Ыкчам кызматкерлер тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте кылмышка шектүү катары 45 жаштагы М.М. кармалды. Учурда аталган факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү “Алдамчылык” боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.

«Алынган маалыматтарга караганда, 2021-жылдын күзүндө аталган жаран М.М. Бишкек шаарынын жашоочусунан 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Шектүү жабырлануучуга алгач күрөө катары “Лексус” үлгүсүндөгү унаасын, каттоо күбөлүгүн жана ишеним катын калтырган. Бирок көп өтпөй кайра келип, “шашылыш ишим бар”,- деген шылтоо менен унааны бир аз убакытка кайтарып берүүнү суранган. Ошондон кийин гана ал көздөгөн максатына жеткенден кийин кайра келбей, ал унаасын башка адамдарга сатып жиберген. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган жаран мурда сот жообуна тартылган, криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болгон жана мурда облустардын бириндеги шаардык администрациясын жетектеп келген», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Кошумчалангандай, бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 429