• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Айдарбеков: Тажик тарап Ворухду алса, Мургабды Кыргызстанга кайтарып берүүсү керек

6 Бугу 2021 16:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын министрлер кабинети Тажикстандын буга чейин жарыялаган маалыматын тастыктады. Ага ылайык, тараптар № 43 чек ара тилкесинен № 61 чек ара тилкесине чейинки жана № 135 чек ара тилкесинен № 141 чек ара тилкесине чейинки бөлүктөгү мамлекеттик чек ара линиясынын долбоорун аныктоо үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүүнүн жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери менен материалдары колдонулат. Эки өлкө топографиялык жумушчу топтун мүчөлөрүнө кыргыз-тажик чек арасынын жогоруда аталган участкаларындагы долбоордук линияны 5-9-май аралыгында жүргүзүүнү тапшырган. Буга байланыштуу мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Фейсбуктагы баркчасына билдирүү жазды.

Анын айтымында, Тажик тарап Ворухду кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргыз Республикасына кайтарып берүүсү керек.

«Учурдагы КР Акыйкатчы белгилегендей, тажик тарап «он сегиз жылдан бери ушул шарттарды — чек ара маселелери боюнча бардык сүйлөшүүлөрдө 1924-1927 жылдардын карталарын карап чыгууну такай айтып келет. Интернеттеги ачык булактардан алынган карталарды карап көрсөк, көптөгөн кызыктуу фактыларды таба алабыз. Мисалы, 1924-1927-жылдардагы карталарга таянсак, Кыргыз Республикасында Мургаб аймагын өзүнүн тарыхый мекени менен бириктирүү маселесин көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошону менен бирге, эгерде картаны карасак, Ворух Кыргыз Республикасы менен коридор катары байланышкан. Тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргыз Республикасына кайтарып берүүсүн унутпасын. Совет доорундагы тажик тарабы менен болгон баардык карталар Кыргыз Республикасы үчүн жараксыз, юридикалык күчүнө ээ эмес. Тажик тарап карталарды өз кызыкчылыгына эле таянып ары-бери чойгулай берсе болобу?»,-деп жазды Айдарбеков.

Количество просмотров: 2344