Бишкек.27.09.2018.Govori.TV
Жамшитбек Калилов «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Бул маалыматты аталган ишканадан тастыкташты.
Тиешелүү буйрукка башкы директор Канатбек Абдыкеримов 21-августта кол коюп, Ж.Калилов кызматына киришти. Ал эми Улан Кулов Ж.Калиловдун орун басары болду.
Ж.Калилов 2016-жылдан баштап 2018-жылга чейин транспорт жана жолдор министри кызматында иштеген.