• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Мурдагы мугалим алдамчылык кылууга шектелүүдө. ИИМ кайрылуу таратты

29 Аяк оона 2023 10:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мурдагы мугалим 20 миң долларга алдамчылык кылууга шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл август айында Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, анын унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган чала тааныш адамга чара көрүүнү суранган.

Маалым болгондой, ал июлда ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен аз убакыт ичинде төлөп берүүнү убадалап, 20 миң долларлык «Киа Спортейдж» унаасын алган. Бирок шектүү унааны үчүнчү жактарга (айрым маалыматтарда 16 миң долларга) кайра сатып, изин жашырып кеткени белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүүнүн натыйжасында мурдагы мугалим Б.Б. Бишкектен кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

«Учурда мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. Кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Жабыркагандарды 0700171732, 0555011717 телефон номурлары аркылуу кайрылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 198