• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мурдагы ректор 7 жылга эркинен ажыратылды

28 Бештин айы 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

27-декабрда Алматы облусунун Карасай райондук соту мурдагы ректор – Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин башкармалыгынын төрайымы Гаухар Алдамбергенованы жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Ректордун кеңешчисине (коррупцияга каршы кызмат аны Алдамбергенованын агасы деп атаган) жана “Өкмөт жарандар үчүн” мамлекеттик корпорациясынын кадастр жана кыймылсыз мүлк филиалынын Карасай райондук бөлүмүнүн жетекчисине да ушундай эле өкүм чыкты.

Сот ушул эле өкүмү менен дагы эки кызматкердин ар бирин жети жылга шарттуу түрдө кести.

Соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча соттолгондор университеттин тогуз гектар жерин башка кишилерге мыйзамсыз түрдө сатып жиберишкен. Университетке азыркы курс боюнча 205 миң доллар зыян келтирилген. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Количество просмотров: 39