• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мурдагы вице-мэр Амантуров үй камагына чыкты

2 Кулжа 2021 11:37 Бишкек Govori.TV

Коррупцияга шек саналып кармалган Бишкектин мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров үй камагына чыккан. Бул тууралуу Амантуров сот ишине катышуу үчүн 2-июнда Биринчи май райондук сотуна келген учурда журналисттерге билдирди.

Амантуровду 2020-жылы 30-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мэрия менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын ортосундагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп камакка алган.

Атайын кызмат билдиргендей, 2015-2019-жылдары Амантуров менен байланышы бар компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммага муниципалдык буюртмалар берилип турган жана ошол акчанын бир бөлүгүн ал өзүнө алып жүргөн. УКМК мэрия каржылоону өз убагында жүргүзгөнүнө карабастан жумуш толук аткарылбай келгенин билдирген.

Количество просмотров: 82