• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мурдагы вице-мэр менен УКМКнын кызматкери кармалды

1 Чын куран 2021 9:20 Бишкек Govori.TV

Мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип Бишкектин А.А. аттуу мурдагы вице-мэри жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмүнүн А.Ж. аттуу жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тергөөнүн маалыматына караганда, аталган адамдар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында башка кызмат адамдары менен бирге Бишкек мэриясынын адистерине басым көрсөтүп, жер тилкелерин ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого мажбур кылышкан.

» А.А. жана А.Ж. Бишкек гарнизонунун абагына камакка алынды. Учурда тергөө уланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Айрым ЖМКлар укук коргоо органдарындагы маалымат булактарына таянып, А.А. деген мурдагы вице-мэр Азизбек Алымкулов экенин жазышууда.

Теги:
Количество просмотров: 121