Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова суракка чакыртылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Өмүрбекова “коррупция жана фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон” деп козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берген.
Эске салсак, буга чейин ушул иш боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дагы сурак берген болчу.