• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мурдагы вице-премьер Зилалиев УКМКнын абагынан чыкты

7 Тогуздун айы 2020 15:08 Бишкек Govori.TV

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тогуз жылга кесилген Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын абагынан чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка карганда, Зилалиев үй камагында болот. Райондук сотунун чечими менен аны баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Эске салсак, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган. Бүгүнкү күндө ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

Количество просмотров: 91