• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мурдагы вице-премьер Зилалиевдин ишин кароо кайрадан жылдырылды

1 Тогуздун айы 2020 17:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш ишин кароо кайрадан жылдырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соттук териштирүү айыпталуучу Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу жылдырылды. Кийинки соттук отурум 2020-жылдын 2-октябрь күнүнө саат 14:00гө белгиленди.

Буга чейин Зилалиевдин жактоочусу Тимур Карабаев мурунку вице-премьердин дене табы менен кан басымы көтөрүлүп жатканына карабай, сотко мажбурлап алып келүү аракети болуп жатканын айткан.

Эске салсак, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган. Бүгүнкү күндө ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

Количество просмотров: 69