• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мурунку депутат Узакбаев кармалды

31 Бугу 2021 22:20 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы жана азыркы депутаттары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 31-майында бир катар тергөө иш-аракеттеринен кийин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышка шектелип, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары И. Пирматов жана Т. Узакбаев кармалды.

«Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоордун ар кандай баскычтарында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттерин улантууда»,-деп айтылатмаалыматта.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.

Количество просмотров: 4304