• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мурунку мэрлердин сотунда кайрадан тез жардам чакырылды

13 Жетинин айы 2019 10:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

Соттук отурум маалында айыпталуучулардын бири, «АльтоГрупп» компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеев өзүн жаман сезип, тез жардам чакырылды. Жактоочулардын айтымында, Шаршекеевдин кан басымы көтөрүлүп кеткен. Судья Кубанычбек Касымбеков тыныгуу жарыялады.

Эске салсак, Ибраимовго «Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген» деген айыптар коюлган.

Ал эми Кубанычбек Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталууда.

Количество просмотров: 414