• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мусабекова: Ат-Башыга салынчу логистикалык борборго бут тоскондорго каршымын

23 Үчтүн айы 2020 14:53 Бишкек Govori.TV

Быйылкы жайда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип, тараптар бир топ документтерге кол койгон. Анын ичинде «Нур Строй Монтаж» ЖЧКсы жана One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын ортосунда соода-логистикалык борбордун курулушу жөнүндө келишимге да кол коюлган. «Ат-Башыга логистикалык-индустриалдык борбор курулат» дегенден бери коомчулукта кайчы пикирлер жаралды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова өзүнүн пикирин билдирди.

«Бул маселе 2000-жылдан бери көтөрүлүп келет. Индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушуна бут тоскондорго каршымын. Болгону бул маселеде юридикалык жактарын жакшылап караш керек. Ал жерди барып көрбөй эле кытайларга өтүп кетет деген сыяктуу жыйынтык чыгара берген болбойт»,-деди депутат Мусабекова.

Эске салсак, 2019-жылдын аягында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башы районуна барып индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген. Борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулганы жатканы айтылууда.

Количество просмотров: 221